Көк ырапс тон

Википедия дан

Көк ырапс тон (орусча — репис, репс) — Чубактын ырапстан (репстен) жасалган баатырдык сырт кийими. Тондун көк асман менен (көк теңир менен) түстөш болушу баатырды ар кандай кырсыктан сактоочу кереметтүү касиетке ээ экенин кабарлайт. Көк түс колдоочулук күчкө ээ болгондуктан Чубактын тону гана эмес, минген тулпары — Көгаланын да өңү көк. Дегеле эпостогу баатырлардын сырткы көрүнүшү көк түстө болушу мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, «Көк сүлөөсүн бөрк кийген, көк ала Калкан ойногон, Көк тулпар сындуу ат минген» — деп сүрөттөлөт. Байыркы түрк элдери көк тонду касиеттүү санашканы тарыхта белгилүү. Мисалы, байыркы көк түрктөрдүн кагандарынын башкы акылчысы жана кол башчысынын эр аты (эр жеткенде негизги белгисине, сапатына же мансабына берилчү ат) Тону көк болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4