Көлөмдүк бурч
Көлөмдүк бурч, нерселик бурч – багыттоочу сызыгы айланага геоморфтуу болгон конустук беттин (конустун) бир көңдөйү менен чектелген мейкиндиктин бөлүгү. Көлөмдүк бурчтун жеке учуру үч грандуу жана көп грандуу бурчтар. 2-сүрөт. Көлөмдүк бурчтун чен бирдиги стерадиан (грекче stereos мейкиндиктик, нерселик жана радиан), белгилениши: Стерадиан бурчтун чокусуна сырттан сызылган, аянты сферанын радиусунун квадратына барабар болгон бетти чектөөчү Көлөмдүк бурч Толук сферанын көлөмдүк бурчу 4р стерадианга барабар.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9