Көп процессорлуу компьютер системи

Википедия дан

Көп процессорлуу компьютер системи (англ. Multinode computer system - Многопроцессорная компьютерная система) бирден көп процессорго ээ. Көп процессорлуу системдер маселени аткарууну тездетет, себеби алардын борбордук процессорлору бир учурда бир нече процесс аткарууга жөндөмдүү. Көп процессорлуу иштетүү системдери асимметриялык же симметриялык көп процессорлуу иштетүүнү пайдаланып, борбордук процессорлордун аракеттерин координациялап турат. Асимметриялык көп процессорлуу иштетүүдө колдонмо процесстерди өзүнүн эси болгон процессорго алдын ала бекитип коет. Симметриялык көп процессорлуу иштетүүдө, колдонмо процесстер ошол учурда жетүүгө мүмкүн болгон БП’га бекитилет. Бул режимде болгон эс БП арасында бөлүштүрүлөт. Иштетүү учурунда эстин айрым бөлүгү иштетүү системинин резиденттик бөлүгү, колдонмо програмдардын көрсөтмөлөрү жана иштетилүүчү берилиштерди сактоо үчүн пайдаланылат. Эстин башка бөлүгү эсептөө, сорттоо жана арада алынган жыйынтыктарды убактылуу сактоо үчүн колдонулат. Эсти бөлүштүрүү же эстин бөлүктөрүнө тиешелүү берилишти бекитүү иштетүү системинин иши болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3