Көрпаян

Википедия дан

Кѳрпаян, Көрпөжан — «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, Бакайдын аялы. Эпикалык каармандарга турмушка чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен күйөөгө баруунун салттык мотиви К-дын образында да сакталган. Саякбай Каралаевдин вариантында Карачтын кызы К. өзүнүн каалоосу менен Бакайды тандап турмушка чыгат. Кыздардын өз каалоосу менен күйөө тандап, ага турмушка чыгуу салты алтайлыктардын жана башкалар эпосторунан («Өскүс-уул», «Бойдок-Кекшин», «Тектебей-Мерген» жана башкалар) көрүүгө болот. Ал эми «Семетей» эпосунда Семетей Акшумкарын ак куу болуп кубулган Айчүрөккө алдырып жибергенде Чачыкейден шумкардын дайынын билгени барган үч байбиченин бири К. болот (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 25 — 28).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4