Көрпөчө

Википедия дан

Көрпөчө - үч катталып ээрге салынуучу төшөк. Ичине жүн же кебез салынат, тышына чий баркыт, трайке (балдардыкына - бейкасам) капталып, шырылып жана жээги кыюуланып жасалган. Аялдар үчүн кээде көрпөчө ордуна жууркан же чоң төшөк жүргөн. Балдар минчү ээрге (айырмач, кичине ээр) көбүнчө көпчүк салынган. Көпчүк ичине жүн, кыл, коога (жеке) жана башкалар салынып, тышына калың кездеме, кийиз, жаргак, таар тышталып, шырылып жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]