Көрсөткүч

Wikipedia дан
Көрсөткүчтүн диаграммасы

Көрсөткүч (Pointer - Указатель).

  • 1) Колдонуучунун графиктик интерфейсинде пайдаланылган термин. Жылгыч (курсор) термининин синоними. Көрсөткүч экран символу жана экранда жебе түрүндө чагылдырылат. Жебе көрсөткүчтүн экрандагы учурдагы орунун көрсөтөт. Чычкан менен башкарылат.
  • 2) Берилиштер базасын башкаруу програмдарында болсо ал дисктеги берилиштердин учурдагы физикалык жайгашышын бекиткен жазылыштар номурун билдирет.
  • 3) Программалоодо эстин учурдагы дарегинин көрсөткүчүн камтыган өзгөрмө. Бул дарек боюнча жазылган берилиштерге жетүүгө, ал эми програмчыларга болсо көрсөткүч өзгөрмөлөр маанисин менчиктөө операторун колдонбостон туруп берилиштер менен иштөөгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3