Көсөө, Араван району

Википедия дан

Көсөө, Араван районуОш облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 580 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 17 км түндүк-батыш тарапта. Асаке темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 19-кылымдын аяк ченинде орношкон. Калкы 2293 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, оорукана жана дарыкана бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]