Көчүрүп көбөйткүч машина

Википедия дан

Көчүрүп көбөйткүч машина – текст, чийме, иллюстрация сыяктуу материалдардын жана констр., технол. документтердин көчүрмөсүн алып, аны көбүрөөк нускага көбөйтүп басып чыгаруучу техникалык каражат. Анын эки түрү бар. Гектографика түрүндө (спирттүү) сүрөттөлүштү басуу, боёк менен кагаздуу формага (офсеттик форма) сызуу же басуу аркылуу жүрөт. Офсеттик форма барабандын тегерегинде айланып кагаз аркылуу өткөрүлөт жана 300 нускага чейин көчүрүп көбөйтүүгө болот. Ал эми офсеттик форма менен ротациялык басууда катуу мом же пластик капталган барак колдонулат. Сүрөттөлүш анын бетине терип-жазуучу машина же щуп менен кесилип түшүрүлөт. Андан кийин офсеттик форма астына жумшак материал капталып, сыя толтурулган барабан тегерегинде айланат жана кагаз аркылуу өткөрүлөт. Белгилүү басымда формадагы жылчыктар аркылуу кагазга сарыгат. Ар бир формадан 5 миң нускага чейин көчүрүп көбөйтүүгө болот. Азыр фотокөчүрмө көбөйткүчү менен алмаштырылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]