Лаг

Википедия дан

Лаг (голландча log) – 1) кеменин сууга салыштырмалуу ылдамдыгын жана басып өткөн жолун өлчөөчү прибор. Лаг механикалык (зым арканга чиркелүүчү калакчалуу айлангыч) жана гидравликалык (суунун кеме жүргөндөгү динамикалык басымын өлчөөчү) болуп айырмаланат. Өлчөөнүн азыркы ыкмаларына атайын электр-магниттик датчикте суу агымынын негизинде алынган электр тогунун күчүн өлчөө жана гидролокаторду колдонуп аныктоо жана башка кирет; 2) гидроакустикалык лаг – кеменин ылдамдыгын деңиз түбүнө (абсолюттук ылдамдык) жана кеменин четтөө бурчуна салыштырмалуу аныктоочу гидроакустикалык станция; 3) өз ара байланышкан эки экономикалык кубулуштун ортосундагы убакыт интервалын мүнөздөгөн экономикалык көрсөткүч. Анын бири себеп, экинчиси натыйжа болот. Мисалы, товар өндүрүүнүн башында жана аны массалык түрдө өткөрүүдө, ошондой эле кубулушка каражат бөлүү менен курулуш объектилерин ишке киргизүү учурунда лаг болот. Лагдын курулуштук, тышкы, ички убакыттык, имитациялык жана башка түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7