Лактация

Википедия дан

Лактация (лат. lacto – сүт менен тамактандырам) – сүт эмүүчүлөрдүн жана адамдын сүт пайда кылуу, топтоо жана бөлүп чыгаруу процесси. Лактация жаныбарда төлдөгөндөн, аялда төрөттөн кийин башталат. Ал маммогенез (эмчек безинин жетилүүсү), лактогенез (сүттүн пайда болушу жана бөлүнүп чыгышы) стадияларынан турат. Маммогенез бойго бүткөндөн 2–3 айдан кийин башталат. Анда бездин сүт жаратуучу клеткалары көбөйөт, эмчектин үрпү чоңоёт. Лактогенез учурунда альвеолалардын эпителий клеткаларында сүт пайда болот. Сүттүн курамындагы белок амин кислоталарынан, лактоза глюкозадан, май кандагы май кислоталарынан синтезделет. Лактация татаал нейрогумордук процесс. Аны жөнгө салууда гипоталамус жана гипофиздин мааниси чоң. Бала эмизген энеде лактация жакшы болуш үчүн алардын тамагында орто эсеп менен суткасына 110–130 г белок, 100–130 г май, 450–500 г углевод болуп, туура тамактануу, 1,5–2 лче сүт жана сүт азыктарын көбүрөөк пайдалануу зарыл. Лактация аялдын дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнө, нерв системасынын туруктуулугуна, мүнөзүнө, төрөттөн кийинки ден соолугуна, туура тамактануусуна жана башка байланыштуу болот. Кээ бир энелердин эмчегинен төрөттөн кийин сүт чыкпайт (агалактия), айрымдарынан сүт аз чыгат (гипогалактия), кээ бир аялдар сүттүү болот (гиперлактия). Агалактия сейрек учурайт, ал негизинен эмчек безинин жетилбей калышынан, эндокриндик, кээде психикалык бузулуулардан болот. Гипогалактияга эмчек безинин, үрпүнүн жакшы өспөгөндүгү, сүт пайда болууга катышкан гормондордун жетишсиздиги, түрдүү оорулар (кант диабети, мастит, рак, нефрит жана башка) түрткү болот. Жаныбарларда лактация тууттан кийин көбөйүп, акырындап азая баштайт. Малдын сүттүүлүгү анын породасына, түрүнө, тоюттандырылышына жана башка шарттарга байланыштуу. Мастит, өзүнөн-өзү ийүү жана таш эмчек, кара желин болуу лактациянын бузулушуна алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7