Лас-Вегас

Отурукташкан жай
Лас Вегас
Өлкө АКШ
Округу Кларк
Координаттар 36°10′30″ с. ш. 115°08′11″ з. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 340.0 км²
Убакыт аралыгы UTC-8, жайында UTC-7
Калкы
Калкы 583 756 адам
Сандык идентификаторлор
Лас-Вегас (АКШ)

Лас-ВегасАКШнын түштүк-батышындагы шаар. Невада штатынын түштүгүндө. Калкы 570,1 миң (2010; шаар агломерациясы менен 2,3 млн). Ири жолдор тоому. Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги аэропорттору бар.

1905-ж. негизделген. 1911-жылдан шаар. Лас-Вегастын борборунда мормондордун эски форту (1855; чийки кыштан салынган), отель, «Голден Гейт» казиносу, үстү жабык Фремонт көчөсүндө казино-отели (1946; негизинен Голливуд кинолору тартылуучу жер) жайгашкан. Жалпы улуттук маанидеги көңүл ачуу индустриясынын жана туризмдин борбору. Электр-техникалык өнөр жай, агломерациясында жогорку технология чөйрөсү (телекоммуникация, электрондук оюндарды жөнгө салуу), Лас-Вегаска жакын жерде «Неллис» аскер-аба базасы иштейт. Университеттер, бир нече коллеждер жана сүрөт галереясы, китепканалар, музейлер бар. Теннис боюнча эл аралык турнирлер (аялдар жана эркектер арасында), «Формула-1» автожарышы, ишкер жана илимий конференциялар, көргөзмө, жармаңке жана башка өткөрүлүп турат. Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүчү уюмдар (туристтерди кызыктырат) уюштурулган. Климаттык курорт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7