Лауэ Макс Феликс Теодор фон

Википедия дан

Лауэ Макс Феликс Теодор фон (9. 10. 1879, Пфаффендорф – 24. 4. 1960, Берлин ) – немис физиги (ФРГ), СССР ИАнын чет элдик мүчөсү. Гёттинген, Мюнхен жана Берлин университеттеринде окуган. Цюрих (1912–14), Франкфурт (1914–19), Берлин (1919–43), Гёттинген (1946- жылдан) университеттеринде профессор Гёттинген физикалык институтунда директордун орунбасары (1946–51), Далемдеги физика химия жана электр-химия (1951–53) жана Фриц Хабер институтунун (1953-жылдан) директору болгон. 1912-ж. рентген нурларынын дифракциясынын теориясын сунуштаган. Лауэнин эмгектери салыштырмалуулук теориясына, өтө өткөргүчтүккө, Комптон эффектисинин теориясына жана башка кубулуштарда изилдөөгө арналган. Атомдук изилдөөлөргө жана атомдук куралданууга каршы чыккандардын бири. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1914). Эмгектери: История физики. М., 1956; Статьи и речи. М., 1969.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7