Ленинград салгылашы

Википедия дан

Ленинград салгылашы (1941–44) – Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) Ленинград шаарын фашист немис жана финн аскерлеринен коргоо жана аларды кыйратуу боюнча Советтик Куралдуу Күчтөрдүн 1941-ж. 10-июлдан 1944-ж. 10-августка чейин жүргүзгөн согуш аракеттери. Фашисттердин башчылары «Түндүк» армиялар тобунун (командачысы генерал-фельдмаршал В. фон Лееб) жана эки финн армиясынын (Карел жана Түштүк-Чыгыш) соккусу менен Ленинградды алып, Москва тарапка өткөрбөй турган Кызыл Армияга тылдан сокку уруу үчүн ыңгайлуу жерге чыгууну пландаштырган. Душмандын Ленинградга чабуулу 1941-ж. 10-июлда Улуу дарыясынан башталган. Фашисттик аскерлерге Түндүк жана Түндүк- Батыш фронттору каршы турган. Чабуул башталганда Түндүк-Батыш фронттогу сов. аскерлерден «Түндүк» армиялар тобу жөө аскер боюнча 2,4 эсе, курал-жарактан – 4, миномёттон – 5,8, танкадан – 1,2, самолёттон 9,8 эсе көптүк кылган. Мамлекеттик коргоо комитети (МКК) 1941-ж. 10-июлда Түндүк-Батыш багытын (башкы командачысы Советтер Союзунун маршалы К. Е. Ворошилов) түзүп, анын карамагына Түндүк жана Түндүк-Батыш фронтторунун аскерин, Түндүк жана Кызыл Туулуу Балтика флотун берген. Ленинграддын айланасында бир нече алкактан турган коргонуу системасы курулуп, ыктыярдуулардын 10 дивизиясы, ондогон партизан отряддары түзүлгөн. Шаардан балдар, айрым завод-фабрикалардын жабдуулары эвакуацияланган. Айыгышкан салгылаштарда душман оор жоготууларга учураганына карабастан, 1941-ж. 8-сентябрда Шлиссельбург тарапта Ленинградды кургактыктан бөлүп салууга жетишип, Ленинград блокадасы башталган. Блокада учурунда Ленинград эли душмандын тынымсыз бомбалоосуна, ачкачылыкка, суукка карабастан, фронтко активдүү жардам көрсөткөн. 1943-ж. январда Ленинград жана Волхов фронтторунун аскерлери авиациянын жана Балтика флотунун артиллериясынын колдоосу менен блокаданы Шлиссельбург жактан бузуп, Ленинграддын өлкө менен түз байланышын калыбына келтирүү үчүн Ладога көлү аркылуу 17 суткада темир жол жана автомобиль жолу салынып, шаардын жабдуу иши толук чечилбесе да, анын абалы бир кыйла жеңилдеген. Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Сталинград, Курск салгылаштарындагы, Сол жээк Украинадагы ийгиликтери Ленинград жана Новгороддун жанында чоң чабуул баштоого шарт түзгөн. Фашисттердин «Түндүк» армиялар тобу ээлеген өңүттөрүнөн кетпөөгө аракеттенсе да, Ленинград, Волхов фронтторунун жана Кызыл Туулуу Балтика флотунун аскерлери 1944-ж. 14-январда чабуулга өтүп, 27- январда душмандын коргонуусун талкалаган. Душман Ленинграддан 220–280 км алыс куулуп, Ленинград обл-нун аймагы баскынчылардан дээрлик бошотулган. Улуу Ата Мек. согуштун жүрүшүндө Ленинград салгылашы зор стратегиялык мааниге ээ болгон. Советтик аскерлер бул жерде душмандын Чыгыш фронтундагы күчтөрүнүн 15–20%ин жана бүткүл финн армиясын алаксытып, немистердин 50дөй дивизиясын талкалаган. Салгылашка катышкан бөлүктөр жана бирикмелер гвардия деген наам алган жана ордендер менен сыйланган. Совет өкмөтүнүн күндөлүк камкордугу жана бүткүл өлкөнүн колдоосу блокадада ленинграддыктарга чоң жөлөк болуп, дайыма дем берип турган. Өкмөт 1942-ж. 22- декабрда «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалын белгилеген. СССР Жогорку Советинин Президиуму Ленинградды Ленин ордени менен сыйлап (1945-ж. 20-январь), Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) совет элинин жеңишинин 20 жылдыгынын урматына баатыр шаар деген ардак наам берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7