Михаил Лермонтов

Википедия дан
Лермонтов, Михаил Юрьевич‎»‎ барагынан багытталды)
Михаил Лермонтов (1837)

Михаил Юрьевич Лермонтов - Орус элинин улуу акыны, прозаик жана драматург.

Өмүрү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1814-жылы 15-октябрда Москвада аскер кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган. Балалык чагы Пенза дубанындагы Лермантов (Тархан) кыштагында өтөт. 1827-жылдан баштап Москва университетинин алдындагы Пансиондо окуп, ал жерде В.Г. Белинский, А.И. Герцен, Н.П. Огаревдер менен бирге болушу акындын чыгармачылык шыгынын артышына, коомдук саясий көз карашынын кеңейишине таасир тийгизген. Ал 1841-жылы 27-июнда 27 жаш курагында душмандар тарабынан уюштурулган эрөөлдө Мартыновдун огунан каза болгон.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1830-жылы акындын алгачкы "Жаз" аттуу ыры "Атеней" журналына басылып чыккан. Буга удаа "Испандар", "Кызыктай киши", "Маскарад" драмаларын, "Монолог", "Күн келет", деген ырларынын жана бир нече поэмаларын жана бир нече поэмаларын жараткан. Бул ырларында Ата-Мекенди, эркиндикти сүйүү темалары орун алган. Акын "Алдын ала айтуу", "Эркиндиктин акыркы уулу" аттуу ырларында эркиндик үчүн жанын аябаган байыркы славян баатырларынын үлгү алууга өзүнүн доорундагы жаштарды чакырган. Ал эми 1837-жылы жазылган "Акындын өүмү" деген ыры үчүн камакка алынып, Грузияга сүргүнгө айдалат. Бул ырында Пушкиндин өлүмүнө элдин кайгыруусун көрсөтүп, акындын тегерегинде жашыруун жүргүзүлгөн душмандыкты, өлтүрүүнү уюштурган ак сөөктөрдүн айыбын ачкан. Сүргүндө жүргөн жылдары ал грузия интеллигенттери жана тоолук калктын турмушу менен таанышат. Ошондуктан анын кийинки ырларында жана "Демон" поэмасында Кавказдын гүлдөгөн өрөөндөрүнүн көрүнүштөрү, тайманбас духу жөнүндө баяндалган. 1839-жылы эл арасынан жазылып алынган "Ашык Карып" жомогунун негизинде "Качкын" поэмасы, ага удаа "Современник" журналына 1812-жылдагы Ата-Мекендик согуш жөнүндө, орус элинин кайраты, баатырдыгын баяндаган "Бородинио" деген ыры басылган.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Лермантов өзүнүн кыска жана оор шартардагы жашоосунда легендарлуу баатырдыктын улуу иштерин бүтүрүп, он эки жылдык чыгармачылык ишинде төрт жүздөн ашуун ыр, бир нече классикалык поэма, драма жана романдарды, өмүрүнүн акыркы айларында "Мекен", "Аска", "Талаа", "Баракча" сыяктуу бийик пафостогу чыгармаларды жазган. Орус элинин Тургенев, Толстой, Чехов, Горький өндүү жазуучулары Лермоноcовду өздөрүнө жол даярдаган адам катары көрүшүп, анын чыгармаларына кайрылуу менен ага жогору баа беришкен. Кыргыз акын-жазуучулары анын бир нече чыгармаларын кыргызчалашкан жана ага арналып жазылган ырлары 1964-жылы "Арноо" деген ат менен басылып чыккан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Лермонтов М.Ю. Биздин замандын уулу: Роман / Котор.: А. Жакыпбеков - Ф.: Кыргызстан, 1980.- 188 б.
  • Демон: Повесть / Котор.: З. Мамытбеков - Ф.: Мектеп, 1972.