Лессинг Готхольд Эфраим

Википедия дан

Лессинг Готхольд Эфраим (Lessing, 22. 1. 1729, Саксония Каменц – 15. 2. 1781, Брауншвейг) – немис драматургу, искусство теоретиги, Агартуу доорундагы адабий сынчы, немис классикалык адабиятын негиздөөчү. Билимди Лейпциг (1746–48), Виттенберг (1748) университеттеринен алган. Германияда феодализмди жоюп, өлкөнү саясий жактан бириктирип, демократиялык улут маданиятын түзүү үчүн күрөшкөн. Демократиялык улуттук маданият үчүн күрөштү Германияны саясий жактан жаңылоонун каражаты деп эсептеп, биринчи «мещандык» немис драмасы «Мисс Сара Сампсон» (1755) жана агартуучул «Минна фон Барнхельм» (1767) комедиясын жараткан. Реалисттик искусство жөнүндөгү теориялык көз караштарын «Лаокоон же живопись менен поэзиянын чеги жөнүндө» (1759–65), «Гамбург драматургиясы» (1767–69) деген эмгектеринде баяндаган. «Эмилия Галотти» (1772) трагедиясында феодалдык зомбулукту айыптап, «Акылман Натан» (1779) драмасында диний ишенимди урматтоону жана гумандуулукту жактайт. Агартуу реализминин эстетикалык принциптерин жана Германиядагы филос. материалисттик салттарды кубаттаган. Лессингдин өзүнөн кийинки немис адабиятына тийгизген таасири зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7