Линкольн кою

Википедия дан

Линкольн кою - эт - жүн багытындагы чала уяң жүндүү порода.

18—19-кылымда Англияда (Линкольншир графтыгы) жерг. соолук лейстер кочкору менен аргындаштырылып чыга­рылган. Ал — дүйнөдөгү ирдүү койлордон. Кочкорунун тируу салм. 130—160, соолугу 100—120 кг. Бул порода тез жетилип, жакшы бордолот. 4 айлык козу 25—27 кг эт берет. Кочкорунан 10—12, соолугунан 5—6 кг жибектей жылтыр, уз. 20—30 см аппак жун кыркылат. Анын 55—65% таза жун. 100 соолуктан орт. 120 ко­зу алынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.