Лион көтөрүлүштөрү

Википедия дан

Лион көтөрүлүштөрү (1831, 1834) — Лион ш-нда жибек токуган жумушчулар менен майда кол өнөрчүлөрдүн абалынын оордугунан фран­цуз пролетариатынын өз алдынча биринчи куралдуу чыгуулары.

Көтөрүлүш мануфактура ээлеринин эмгек акыны жогорулатуудан баш тарткандыгынан 1831-ж. ноябрда башталган. Жумушчулар шаарды ээлегени менен Лионго келген (1831-ж. 1—3-дек.) аскерден жеңилген.1834-ж. 9-апрелдеги көтөрүлүштүн чыгышына жумушчу ассоциациядарына тыюу салынышы жанa 1834-ж. февралдагы иш таштоого катышкандарды жазалоо жөнүндөгү закон долбоорунун депутаттар палатасында бекитилиши себеп болгон.

Көтөрүлүш республиканы ачык жактоо мүнөзүндө өткөн. Бирок жакшы уюшпагандыктан, жетекчилеринин тактикалык жактан ката кетиргенинен, өкмөт аскерлеринин көптүгүнөн улам көтөрүлүш 1834-ж. 15-апрелде ырайымсыз басылган. Лион көтөрүлүштөрүнүн мааниси чоң. Ал тарыхый майданга коомдогу жаңы күч — жумушчу табы чыкканын көрсөтүп, француз пролетарнатынын революциячыл күрөшүнүн өнүгүшүнө таасир эткен.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.