Лобнорлуктар

Википедия дан

Лобнорлуктар, лоптуктар – Кытайдын түндүк батышындагы Лобнор көлүн бойлой мекендеген эл. Тили кыргыздарга тектеш. Н.М.Пржевальский алгачкылардан болуп, алардын жашоо турмушу, каада-салтын, айрым өзгөчөлүктөрү жөнүндө жазып калтырган. Лобнорлуктар 14–15-кылымдарда көчүп келген кыргыз-алтай урууларынын негизинде калыптанган этнос.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]