Логикалык жана тарыхыйлык

Википедия дан

Логикалык жана тарыхыйлык – философия теориясынын өзөктүү түшүнүктөрү. Философия тарыхында логикалык жана тарыхыйлыктын өз ара катышы жөнүндөгү маселеге биринчи жолу Аристотель кайрылган жана булардын катышын акыл-эс менен сезим кабылдоолорунун шайкештиги катары түшүндүргөн. Логикалык жана тарыхыйлык проблемасына кийинчерээк Г. В. Гегель, К. Маркс, А. Грамши жана башка кайрылышкан. Азыркы кездеги философиялык адабияттарда логикалык жана тарыхыйлык маселелери ар кыл ыңгайда каралат. Онтологиялык аспектте: тарыхыйлык – нерсенин пайда болуу, калыптануу, жетилүү, башкача айтканда бүткүл өнүгүү процессин камтыйт. Ал эми логикалык болсо, нерсенин тарыхын, басып өткөн жолунун кыскартылган, ыраатталган (теор.) түрдө көрсөтүлүшү. Ошондуктан логикалык жана тарыхыйлык – тарыхый өнүгүүдөгү объективдүү дүйнө менен анын тааным чагылышынын ортосундагы байланышты мүнөздөөчү филос. категориялар. Булар – өнүгүүнүн маанилүү жагын, ошондой эле ойлоонун логикалык жүрүшү менен нерсенин реалдуу тарыхынын ортосундагы шайкештикти ачып берүүчү түшүнүктөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7