Лувр –

Википедия дан

Лувр – Париждеги архитектуралык эстелик; сүрөт музейи, дүйнөлүк көркөм дөөлөттүн залкар казынасы. Л. имараты XIII–XIV кылымда курулган. Л-ды кеңейтип куруу иши XIX кылымдын 50-жылдарына чейин созулган. 1791-ж. революциячыл Конвенттин декрети менен Л. улуттук көркөм сүрөт музейине айланган. Анда дүйнөлүк мааниси бар “Милос Афродитасы” (биздин заманга чейин II к., автору белгисиз), Леонардо да Винчинин “Аскадагы мадонна”, “Джоконда”, мындан башка Микеланджело, Рембрандт, Рафаэль, Рубенс жана башка чыгармалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]