Лэмпард, Фрэнк

Википедия дан

Фрэ́нк Дже́ймс Лэ́мпард (англ. Frank James Lampard, Jr.; 1978 ж 20-июнунда төрөлгөн, Лондон, Англия) — англиялык футболист, жарым коргоочу.Англиялык "Челси" клубунун оюнчусу. Өзүнүн алыскы аралыктан соккуулары жана жарым коргоочулук милдетти өтөп жүрүп көп гол жарата алгандыгы менен белгилүү. Лемпард футболдук карьерасын, өзүнүн атасы катары эле «Вест Хэм Юнайтед» командасында баштаган. 1997/98 ж футболдук сезондо "Вест Хэм Юнайтедтин" башкы курамында туруктуу оюн көрсөтө баштайт, ошол эле сезондо командасынын Англия Премьер Лигасында бешинчи орун алышына чоң салым кошкон. 2001-жылы 11 млн фунтка Лондондук "Челси" клубунун катарын толуктайт. "Челси" футбол клубунун тарыхындагы мыкты көп гол жаратуучу болуп эсептелинет.(211 гол) Англиялык жана дүйнөлүк футболдун алдында кылган кызматы үчүн бир топ бийик даражадагы сыйлыктар менен сыйланган.

Файл:120px-Frank Lampard vs Arsenal 2009.jpg
Frank Lampard 2017.jpg
Frank Lampard 2017