Люба чиеси

Википедия дан

Люба чиесичие сорту. Дарагы жапыз, шагы калың, түшүмдүү. Сөңгөгү каралжын, жаш бутактары саргыч күрөң, жалбырагы майда. Гүлү ак, айрымдарыныкы кызгылт. Мөмөсү ширелүү, тоголок, мөмө сабы узун, сулпу кызгылт, кычкылыраак, данеги чоң. Кыргызстандын бардык жеринде өстүрүлөт, өнөр жайлык сорт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7