Лөлү тили

Википедия дан

Лөлү тили (өз аталышы - Romani ćhib) - лөлүлөрдүн тили. Лөлү тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 2 500 000 чамасында (2004). Инди-европа тилдеринин жаңы инди-арий тобуна кирет. Жакынкы тектеш инди-арий тилдеринен обочо өнүгүү шартында калыптанса да, лексикасында байыркы инди-арий тилдерине тиешелүү жалпы белгилер сакталган. Лөлүлөрдүн көчмөн сапарына жараша пайда болгон бир нече диалектиси бар. Лөлү тилинде жазуу жок жана ырасмыйланган арип колдонулбайт.