Маалыматтарды булутта сактоо

Википедия дан

Маалыматты булутта сактоо (англ. cloud storage) – негизинен кардарларга үчүнчү тарап сунуштаган онлайн сактоо модели. Мында маалыматтар тармак ичине жайылган көптөгөн серверлерде сакталат. Ушул максатка бөлүнүп, атайын алынган же күрөөгө алынган серверлерде маалымат сактоо моделинен айырмаланып, мындай серверлердин саны же кайсы бир ички структурасы кардарга жалпысынан белгилүү эмес. Маалыматтар кардардын көзүндө бир чоң сервер болуп, “булут” деп аталган жерде сакталып, иштетилет. Физикалык жактан болсо, мындай серверлер географиялык жактан бири-биринен алыс жайгашышы мүмкүн.

Dropbox, Microsoft OneDrive, Google Drive, iCloud, Яндекс.Диск, Mail.Ru Булуту маалыматты булутта сактоочу интернет-кызматтар болуп эсептелишет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артыкчылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Маалыматтарга интернет байланышы бар каалаган компүтерден жеткилик алуу мүмкүнчүлүгү.
  • Маалыматтарды ортоктошо пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
  • Аппараттык күтүлбөстүктөр учурунда да маалыматтардын сакталып калуу ыктымалдуулугунун жогорулугу.
  • Кардар ресурстарын колдонбошу да мүмкүн болгон сервердин күрөөсүнө эмес, сактоочуда иш жүзүндө ээлеген орун үчүн гана төлөйт.
  • Кардардын маалыматты сактоочу жеке инфраструктура алуу, колдоо жана кам көрүү менен алектенүүсү керек эмес. Муну менен өндүрүштүн жалпы чыгымдары азаят.
  • Маалыматтардын бүтүндүгүн сактоо жана резервациялоо процедуралары “булуттун” борборунун провайдери тарабынан жүргүзүлөт. Бул процесске кардар аралашпайт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]