Маастрихт келишими

Википедия дан

Маастрихт келишими – Европа союзун (ЕС) түзүү жөнүндө келишим. 1992-жылы 7-февралда Маастрихт шаарында (Нидерланд) Европа биримдиги мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, 1993-жылы 1-ноябрда күчүнө кирген. Рим келишимин (1957) толуктаган жана өзгөрткөн, Европа интеграция процессинин жогорку деңгээлде ишке ашышын белгилеген. Маастрихт келишими боюнча Европа союзу Европа биримдигинин негизинде түзүлгөн; эркиндик, саясий коопсуздук жана кызматташтык камсыз кылынып, Европа союзуна мүчө болгон өлкөлөрдүн жарандары үчүн бирдиктүү европалык жарандык киргизүү аныкталган. Маастрихт келишиминин шарттарына ылайык 1999-жылдын 1-январынан ЕСте бирдиктүү европалык валюта – евро киргизилген. Маастрихт келишимине Амстердам (1997), Ницца (2003) жана Лиссабон (2007) келишимдери кошумчаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]