Магнит жылуулук кубулушу

Википедия дан

Магнит жылуулук кубулушу — нерсе магниттелгенде же магниттүүлүгүн жоготкондо анын жылуулук абалынын өзгөрүшү.

Магнит жылуулук кубулушу магнит абалы адиабаталык жана изотермдик өзгөрүүчү болуп айырмаланат. Бул кубулуш ар кандай затта байкалат, анткени заттын магнит абалы өзгөргөндө анын ички энергиясы да өзгөрөт. Ферро-, антиферро жанa ферримагнетиктерде Магнит жылуулук кубулушу көбүрөөк сезилет да, бул заттардагы Магнит жылуулук кубулушу алар магниттелгенде кандайча процесс болуп өтөрүнө;

  1. домендердин арасындагы чектин жылып кетишине (аралашына),
  2. домендердин магнит моменттеринин айланышына,
  3. парапроцесске,
  4. коллинеарсыз магнит структурасынын индукдияланышына же бузулуу процессине кез каранды болот.

Магнит жылуулук кубулушу кээ бир парамагнетиктерде өтө төмөнкү температураны алуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.