Магнит заряды
Магнит заряды — электр-статикалык талааны түзгөн электр заряды сыяктуу статикалык магнит талаасын эсептеө үчүн киргизилген көмөкчү түшүнүк.
- Магнит зарядынын электр зарядынан айырмасы, Магнит заряды чындыгында болбойт, анткени магнит талаасынын өзгөчө булагы жок.
- Магнит талаасын электр тогу гана пайда кылат.
- Дирактын (1931) жаратылышта Магнит заряды бар деген божомолун эксперимент ырастаган жок, бирок аракеттер улантылууда.
- Магниттелген нерсе үчүн Магнит зарядынын көлөмдүк (pm) ж-a беттик (0m) тыгыздык түшүнүгүн кийирүүгө болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.