Маданиятты демократташтыруу

Википедия дан

Маданиятты демократташтыруу– Г. П. Федоровдун советтик Россиядагы Маданиятты демократташтыруу процессин түшүндүрүү үчүн жазган «Элитанын түзүлүшү Орус маданияты тууралуу каттар» аталган макаласында колдонулган термин. Автордун пикири боюнча Европада болуп өткөн «элдик мектеп жана 19-кылымдагы цивилизация» акырындык менен «кеңири мүнөздөгү маданий демократташтырууга алып келген». Бирок, «мурда болуп көрбөгөндөй революцияларды» башынан өткөргөн Россиянын шарттарында Европада калыптанган мындай зарыл процесс интеллигенцияны «түшүнүп-түшүнбөй» маданиятты болуп көрбөгөндөй укмуштуудай талкалап жок кылуу менен коштолгон.

Г. П. Федоровдун пикири боюнча советтик Россиядагы Маданиятты демократташтыруу процесси «ырайымсыз мүнөз» күткөн. Ал «Элди карай кеңири толкун болуп аккан маданият маданият болуудан калат», – деп белгилеген. Илгери маданияттын булагы жана маданий чөйрө болуп эсептелген ак сөөктөрдүн маданиятынын таасири астында «ашпозчунун уулу» маданияттуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эле, эми болсо «маданий чөйрө» талкаланып жок болду, «маданий чөйрө же маданияттын абасы болмоюнча маданият өз таасирин жоготот». Советтик Россиядагы маданиятка болгон мамиленин дал ушундай «ырайымсыз мүнөзү» «анын бири-бири менен эч байланышы жок майда элементтерге ажырашына алып келген. Маданияттын майда элемент-тери өз алдынча жана алардын суммасы маданият болуп саналбайт».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8