Мадияров Токтосун Ормонбекович
Мадияров Токтосун Ормонбекович (1959-ж.т., Токтогул шаарчасы) - коомдук ишмер.
- 1981-ж. Фрунзе (Бишкек) политехникалык институтун бүтүргөн.
- 1981-85-ж. Токтогул шаарчасындагы №23 жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын башкы инженери, начальниги,
- 1990-91-ж. Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын (акимдин) орунбасары,
- 1991-98-ж. “Азамат” Кыргызстан-Германия биргелешкен ишканасынын президенти.
- 1998-2003-ж. “Азамат-Ойл” Корпорациясынын президенти. 2003-жылдан “ЕврАзЭс-Кыргызстан ишкерлер Совети” Ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы.
- 2002-ж. “Даңк” медалы менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5