Майлар

Wikipedia дан
Триглицериддин шар модели. Кислород кызыл түс менен белгиленген, углерод- кара менен, водород- ак менен.

Майлар — көбүнчө глицериндин жана бир негиздүү май кислоталарынын (триглицериддер) татаал эфирлеринен турган өсүмдүк жана жаныбар тканынын составына кирүүчү органикалык бирикмелер. Майлардын составына биологиялык активдүүлүгү жогору болгон заттар — фосфатиддер, стериндер, витаминдер да кирет. Майлар жана ага окшош заттар липиддер деп аталат. Майлар жаратылышта кеңири таралган. Алар өсүмдүк, жаныбар клеткаларынын жана микроорганизмдердин бирден бир компонентин түзөт. Жаныбарлар менен кишиде май тери астындагы май клетчаткасында жана ич майда, чычыркайда, ошондой эле кемикте, булчуң тканында, боордо жана башкалар органдарда болот. Майлар бардык сүт эмүүчү жаныбарлардын сүтүндө да кездешет, алардын кээ биринин сүтүндө май 40%ке чейин жетет. Майлар өсүмдүктөрдүн уругунда (айрыкча күн карамада, жаңгакта жана башкалар), жумуртканын сарысында, мээ тканында көп болот.

Организмде майлар энергиянын негизги булагы. Анын энергиялык пайдасы углеводдорго караганда 2 эсе чоң. Майлар жылуулукту начар өткөргөндүктөн тери астындагы май клетчаткасында жыйналган. Майлар организмдин жылуулугун сактайт, ал өзгөчө жылуу кандуу, деңиз жаныбарлары (кит, тюлень жана башкалар) үчүн чоң мааниге ээ. Аны менен бирге майлар теринин белгилүү серпилгичтигин камсыз кылат. Майлар пластикалык функцияны аткарып, бардык ткань менен органдардын клеткалык структураларынын составына кирет, ошондуктан алар 'жаңы структураларды түзүүгө керек. Майлар углеводдор менен бирге организмдин тиричилик функциясын энергиялык жактан камсыз кылат. Май тканынын составындагы майлар азык заттардын сактагычы болуп, организмдин зат жана энергия алмашуусуна катышат. Табигый майларда 6Отан ашуун май кислоталары болуп, алар физикалык, химиялык түрдүү касиеттери менен айырмаланат. Май кислоталарынын молекуласы суутек атому менен курчалган көмүртек атомдорунун тизмегинен турат. Чынжырдын узундугу май кислоталарынын жана алардан пайда болгон Майлардын көп касиеттерин мүнөздөйт. Узун тизмектүү май кислоталары — катуу, кыска тизмектүүсү — суюк заттар. Май кислоталарынын молекулалык салмагы канча чоң болсо, анын жана ага тиешелүү Майлардын эрүү температурасы жогору болот. Эрүү температурасы жогорулаган сайын ал ошончолук начар сиңирилет. Мисалы, эрүү температурасы кишинин дене температурасынан төмөн болгон майлар 97—98%, эрүү температурасы 37°тан жогору майлар 90%ке, ал эми 50—60°та эриген майлар 70—80%ке жакын сиңет.

Май кислоталары химиялык касиеттери боюнча каныккан (анда көмүртек атомдорунун ортосундагы бардык байланыштарга суутек атому толгон) жана каныкпаган (көмүртек атомдорунун ортосундагы байланыштарга суутек атомдору толбогон) болуп бөлүнөт. Каныккан жана каныкпаган май кислоталары өзүнүн физикалык жана химиялык касиеттери боюнча гана эмес, биологиялык активдүүлүгү жана организмге баалуулугу боюнча айырмаланат. Каныккан май кислоталарынын биологиялык касиеттери каныкпаган май кислоталарына салыштырганда төмөн. Каныккан май кислоталары май алмашууга, боордун функциясына терс таасир тийгизет, ошондой эле атеросклероздун өөрчүшүндө катышуусу мүмкүн. Каныкпаган май кислоталары бардык тамак-аш майында, өзгөчө өсүмдүк майында көп. Каныкпаган полимай кислоталары (линоль, линолен жана арахидон кислоталары) биологиялык жактан абдан активдүү. Алар боордо, мээде, жүрөктө, жыныс бездеринде көбүрөөк топтолот. Организмге тамак менен жетишсиз келгенде ал кислоталардын өлчөмү бул органдарда азаят. Алар кишинин түйүлдүгүндө жана жаңы төрөлгөн баланын организминде, ошондой эле эне сүтүндө көп.

Балык майында организмге (өзгөчө бала кезде) абдан керектүү арахидон кислотасы, А жана Д витаминдери өтө көп болот. Каныкпаган полимай кислоталарынын маанилүү биологиялык касиети болуп клетка мембранасы, нерв талчасынын миелин чели, туташтырма ткань жана башкалар структуралык элементтердин, ошондой эле биологиялык жактан абдан активдүү болгон фосфатиддер, липопротеиддердин жана башкалар пайда болушунда сөзсүз катышуусу эсептелет. Бул кислоталар организмден холестеринди оңой эрүүчү бирикмеге айлантып, аны организмден чыгарууну күчөтүп, атеросклерозду алдын алууда абдан маанилүү. Мындан башка бул кислоталар кан тамыр капталдарынын ийилгичтигин жогорулатып, өткөргүчтүгүн азайтат. Каныкпаган полимай кислоталары миокарддын инфарктын жана башкалар жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын алдын алуучу каражаттардын бири болуп эсептелет. Бул кислоталар В тобундагы, өзгөчө В1 жана В6 витаминдердин алмашуусуна да таасир тийгизет. Ошондой эле организмдин жугуштуу ооруларга, иондошкон нурлардын таасирине туруктуулугун жогорулатуучу касиеттери бар экендиги аныкталган. Майлардан май кислоталарынан тышкары М-га окшош заттардын (фосфатиддер, стериндер, витаминдер жана башкалар) болушу анын биологиялык баалуулугун арттырат. Тамак-ашта фосфатиддер, лецитин, кээде кефалин кездешет. Алар клетка менен ткандардын составына кирет, алардын зат алмашуусунда активдүү катышат. Фосфатиддер өзгөчө чучукта көп. Алар организмде синтезделет. Жумуртканын сарысы, боор, мээ, акталбаган өсүмдүк майлар фосфатиддерге бай.

Стериндер да биологиялык жактан активдүү, алар май жана холестерин алмашууну жөнгө салууда катышат. Өсүмдүк стериндери (фитостериндер) холестерин менен эрибес комплекстерди пайда кылып, алар сиңирилбейт, натыйжада канда холестерин көбөйбөйт. Ультра көк нурлардын таасиринен организмде Д витаминине айлануучу эргостерин жана кандагы холестериндин нормалдуу өлчөмүн камсыз кылуучу стеостерин өзгөчө пайдалуу. Стериндер чочконун, уйдун боорунда, жумурткада жана башкалар көп. Өсүмдүк майларын актаганда алар азаят.

Майлар организмге күч-кубат берүүчү негизги азык зат жана ткандардын структурасын түзүүдө зарыл. Майлардын калориясы өтө жогору, анын жылуулук чыгаруу жөндөмдүүлүгү белок менен углеводдордон 2 эсе күчтүү. Организм майларды жашына, конституциясына, ден соолугуна, климаттык шартка, кыймыл активдүүлүгүнө жана башкалар жараша керектейт. Жаш өткөн сайын тамак менен келүүчү майдын өлчөмүн азайтуу керек. Организм суткасына жаныбар майын 70%, өсүмдүк майын 30% кабыл алуусу талапка ылайык. Сүт майларынын сапаты жогору жана биологиялык касиеттери мыкты. Бул М-да витаминдер (А, Д2 Е), фосфатиддер, алмаштырылбас май кислоталары көп. Эрүү температурасы 37° болгон чочко, уй, кой майлары каз, өрдөк майына караганда начар сиңет. Өсүмдүк майлары оңой сиңет жана алар алмаштырылбас май кислоталарына, Е витаминине, фосфатиддерге бай. Өсүмдүк майынын биологиялык баалуулугу ар кайсы кошундулардан тазалоо деңгээлине жараша болот. Тазалоодо стериндер, фосфатиддер жана башкалар биологиялык активдүү заттар жоголот. Комбинацияланган майларга (өсүмдүк жана жаныбар майлары) маргариндин түрлөрү, кулинария майы жана башкалар кирет. Тамактанууга кеңири керектелүүчү майлардын бири — маргарин. Маргаринде А, Д витаминдери, фосфатиддер жана башкалар биологиялык активдүү заттар көп. Тамактанууга керектелүүчү майлар сакталганда түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, сапаты начарлайт. Ошондуктан майларды узак сактаганда жарыктын, абанын, жылуулуктун жана башкалар таасиринен сактоо зарыл.

Май алмашуу жана анын бузулушу[оңдоо]

Карагыла май алмашуу жана анын бузулушу.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8