Майлы-Суу мунай жана газ кени

Википедия дан

Майлы-Суу мунай жана газ кени - Жалал-Абад облусунун Ноокен р-нда. Жалал-Абад ш-нан 65–70 км түн.-батыш тарапта. Фергана тоо тизмегинин түш. этегинде.

Кен 1907-жылдан белгилүү. 1943-ж. бургулоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен жаткан аймак негизинен мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон чөкмө тектерден турат. Мунай кени кендик багытта созулуп жаткан Майлысуу IV антиклиналь бүктөлүүсүндө кумдук, алевролит, акиташ тектеринен турган кабаттарда (калыңдыгы 10–80 м) топтолгон. Мунай газ күкүрттүү, жогорку парафиндүү, салышт. салм. 0,864–0,871. Мындагы газ 1962-ж. табылган. Мунай тереңдикке түшүрүлгөн насос м-н алынып, газ бургулоо көзөнөгү аркылуу өзү чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2