Макрокосмос жана микрокосмос

Википедия дан

Макрокосмос жана микрокосмос – (гр. makrokosmos – "чоң дүйнө" жана mikrokosmos – "кичи дүйнө") – адамдын Аалам менен байланышы жөнүндө байыркы натурфилософиялык көз караш. Дүйнө адегенден баштап адамдын чен-өлчөмү боюнча кабыл алынган. Адамдын космос менен байланышын түшүнүү байыркылардын эң чоң жетишкендиги болгон. Адам универсумду кайра жаратуучу катары каралышы мүмкүн, ошондуктан адамдын табиятын изилдөө менен (микрокосмосту) Аалам (макрокосмос) кандайча түзүлгөнү жөнүндө көз караш түзүүгө болот. Адамдын денесинин айрым бөлүктөрү Ааламдын архитектоникасы менен шайкеш келет.

Космос – бул ирээттүүлүк, уюшкандык, макулдашкандык. Кичи дүйнө – бул адам, чоң дүйнө – бул космос. Алар жөн гана байланышта болбостон, структурасы боюнча да окшош.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8