Мамакеев, Магомет Амаевич

Википедия дан

Мамакеев, Магомет Амаевич (16(29). 12.1910 - 2. 8. 1973, Гроз­ный) — чечен совет жазуучусу.

  • 1927- жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Чыгыш эмгекчилер коммунисттик университетин бүткөн (1930).
  • 1960-жылдан «Орга» («Аргун») альманахына редактор болгон.
  • 1931-ж. «Чабалакей» аттуу туңгуч ыр жыйнагы жарыяланган.
  • «Кандуу тоолор» (1936), «Учкун» (1940), «Менин жол кагазым» (1958), «Кайтып келем» (1963), «Мартан жергеси» (1971) ж. б. ыр жыйнактары бар.
  • Мамакеевдин поозиясынын негизги темасы — кыйын кезеңдер жана дуйнөнү революциялык жол менен кайра куруучу адамдар.
  • Ал че­чен поэзиясына жаңы поэтикалык өлчөм жана рифма киргизген.
  • Прозачы катары да белгилүү («Биринчи гудок», 1956; «Революциянын мюриди», 1962; «Зелимхан», 1968).
  • «Чечен уруусунун бөлүнүү мезгили» (1962) деген ил. эмгектин автору.
  • Эмгек Кызыл Туу ордени жана медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.