Мамбетов Мукаш Саамалыкович

Википедия дан

Мамбетов Мукаш Саамалыкович (29.6.1952-ж.т, ЫсыкКөл облусу, Түп району, Маяк айылы) - коомдук ишмер.

  • Фрунзе политехникалык институтун (1975), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (юриспруденция, 1996) бүткөн.1975-80-жылдары Түп районунда прораб,
  • 1980-85-жылдары башкы инженер,
  • 1985-96-жылдары Түп райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, Түп райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары,
  • 1996-98-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн инспектору,
  • 1998-2000-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,
  • 2000-03-жылдары Ысык-Көл облусунун Тоң райондук,
  • 2003 2005-жылдары АкСуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,
  • 2005-07-жылдары Ж.Баласагын атындагы улутгук университеттин проректору,
  • 2008-12-жылдары радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын комбинаттын директору,
  • 2012-13-жылдары “Бекстрой-сервис” ЖЧКсынын директору,
  • 2013-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын иш башкаруучусу.
  • Токой чарба, Билим берүү, Маданият, Юстиция министрликтеринин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
  • Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6