Мамилелер логикасы

Википедия дан

Мамилелер логикасы — логикасынын ар турдүү объектилердин мамилелерин изилдөөчү бөлүгү.

Мамилелер табигый тилдерде ээси бар сүйлөмдөрдүн баяндоочтору аркылуу туюнтулат. Ээлердин санына жараша мамилелер бинардык (эки орундуулар, эки мүчөлүүлөр), тернардык (үч орундуулар, үч мүчөлүүлөр), жалпы эле n — арндык (n—орундуулар, n—мүчөлүүлөр) деп бөлүнөт. Матем. логиканын формалдаштырылган тилдеринде Мамилелер логикасы түшүнүгүнүн аналогу катары көп орундуу предикаттар кызмат кылат. Ушундан улам Мамилелер логикасынын азыркы бир түрү предикаттар логикасы деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.