Мамырова Бөдөш Аманбаевна

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамырова Бөдөш Аманбаевна - «Ар–Намыс» депутаттык фракциясынын мүчөсү.
Мамырова Бөдөш Аманбаевна 1957-жылдын 14-июлунда Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айылында туулган.
Улуту кыргыз.
Жогорку билимдүү.
1982-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүрүп, агроном адистигине ээ болгон.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1984-жылы Дыйканчылык илим изилдөө институтунда лобаранттыктан баштаган.
1985-жылы ага лобарант кызматына көтөрүлгөн.
1986-жылы аталган институтта аграном, андан кийин ага аграном болуп иштеген.
1988-жылы илимий кызматкер кызматына которулган.
1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Геология институтунда эмгектенген.
1989-жылдын аягында «Социализм» совхозунда талаачылык иштери боюнча эсепчи (счетчик-полевод) болуп иштеген.
1991-жылы Кыргыз ССРинин География коомчулугунун окумуштуу катчысы болгон.
1992-жылдан 1995-жылга чейин К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун «Плодовощеводство жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү» кафедрасында ассистент болуп иш алып барган.
1995-жылы КР УИАнын Ботаникалык бакчасына («Өсүмдүктөрдүн физиологиясы» лабораториясына) кенже илимий кызматкер катары чакыртылып, 1996-жылы КР УИАсынын илимий кызматкерлигине которулган.
1999-жылы «Ар-Намыс» саясый партиясына мүчөлүккө өтүп, республиканын түштүк аймагы боюнча партиянын иштерин координациялаган.
Андан кийин партия төрагасынын орунбасары болуп шайланган.
2001-2005 – жылдары «Азем» бейөкмөт уюмун жетектеген.
2008-жылы «Табыят» экологиялык кыймылынын менеджери болгон.
2010-жылдын апрелинде КР Убактылуу Өкмөтүнүн Тескемеси менен Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министринин милдети аткаруучу болуп дайындалган.
2004-жылы Шаардык кеңеш, 2007-жылы Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлигин койгон.
2010-жылдын октябрь айында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Ал эми 2010-жылдын 23-декабрынан тартып «Ар-Намыс» депутаттык фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орунбасары болуп шайланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/476-MAMYROVA_Bodosh_Amanbaevna__ArNamys_deputattyk_frakciyasy.aspx Archived 2011-08-10 at the Wayback Machine Cotegory: Персоналия