Мамыров Аманкан

Википедия дан

Мамыров Аманкан (1944-жылы Токтогул району, Төркен кыштагы.) — Социялистик Эмгектин Баатыры (1981). 1969-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1962-ж. Токтогул районундагы «Кетмен-Төбө» совкозунда иштеген. Нураков тракторист болуп иштөөдөн баштаган. 1964-жылдан жүгөрү өстүрүүчү звенонун башчысы. Ал башкарган звено 1980-ж. жүгөрү аянтынын ар гектарынан 149,6 аден түшүм жыйнап алган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]