Мамы-Таш

Википедия дан

Мамы-Таш — Соңкөлдүн тескейинде «Жылдыз-Көл» аталган майда көлдөрдүн чыгыш тарабындагы таш тулгалар жана Аккуланын мамысы менен чогуу жаткан таш. М.-Т. таш тулгалардын биринен 4 — 5 мдей обочо жерде.

Ал жерден 90 смдей чыгып турат, канчасы жер астында экени белгисиз. Аккуланын мамысынан саал ичке, төрт кырдуу. Уламыш боюнча таш тулгадан бышырган оокаттарды ат менен ташып жеткирип турган чабармандын аты байлануучу мамы делет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4