Маразм

Википедия дан

Маразморганизмдин өтө арыктоо (начарлоо) менен коштолуучу психикалык иш-аракети төмөндөгөн абалы. Борбордук нерв системасын жабыркатуучу кээ бир оорулардын (мисалы, карылык кем акылдыгы, артериосклероз, шишиктин жана психоздун кээ бир формалары) натыйжасында өөрчүйт. Оорулуу төшөккө жатып калат, алы кетет, өңүнөн санаркоо, кыйналуу байкалат, себепсиз эле ыйлап же күлүп калышы мүмкүн. Денесине бир нерсе тийсе онтойт, кыйкырат, сөз түшүнбөйт. Оорулуу өтө арыктап, териси саргыч тартып бырышат, көбүнчө сары же күрөң так пайда болот, териси тез бышарып жана оюлуп кетет. Ошондуктан оорулууну тез-тез улам бир капталына жана чалкасына оодарып, денесин камфора спирти менен сүртүп, бышара турган терилерине кургаткыч сепмелерди сээп туруу зарыл. Төшөгү жайлуу болушуна көз салып, шейшебинин алдына клеёнка төшөө керек. Тамагы майдаланган, витаминдүү болуп, оорулуунун тамакка табити болсо да ашык берүүгө болбойт. Эгер ичи катса ич алдырма дары берип, клизма жасоо туура. Денесин марганцовка, уксус, кумурска спирти же арак кошулган жылуу сууга малынган жумшак чүпүрөк менен сүртүп, кургатып, ороп коюу керек. Бул оору айыкпайт. Оорулуу ушундай абалда көпкө жатышы мүмкүн.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8