Маразык кызы Кымбат

Википедия дан

Маразык кызы Кымбат- ...

1939-жылдын 16-сентябрында Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Маразык ата менен Уулман апанын кызы кичинесинен адептүү, эмгекчил, тазалыкты сүйгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кымбат апа Жаңы-Алыш колхозунда комсомолдук бригаданын мүчөсү катары 1959-жылдан 1962-жылга чейин талаачылыкта эмгектенди. 1974-1991-жылдары Орловка тигүү фабрикасында тигүүчүлүк кызматты аркалап, ардактуу эс алууга чыккан. Маразык кызы Кымбат I жана II даражадагы "Энелик", "Даңк" медалдарына татыктуу болгон. Жубайы Бейшеев Жумабай 1930-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер. Алар бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарында үч уул, үч кыздуу болушту. "Кымбат өтө жөнөкөй, мээримдүү апа эле. Балдарды ак ниет, мекенге берилген-дикке, адептүү болууга тарбиялоого баардык аракетин, эмгегин жумшаган. Жолдошуна сый, камкор, үй-бүлөлүк салтты бекем сактаган инсан болчу. Балдарын ар убакта окууга да, ишке да жоопкерчилик менен мамиле кылууга, колунан келген жардамды эч кимден аябоого, улууларды урматтоого жакшылык кылууга үйрөткөн. Ар убакта тазалыкты сактоого, ынтымакта болууга чакырып келген",-деп эскерет өмүрлүк жолдошу Жумабай Бейшеев.

"Апабыз өз бир-туугандарына да, кайын журтуна да бирдей мамиле кылып, баардыгына акыл-насаатын айтып, жаштарга туура жол көрсөтүп, дайыма ынтымакка чакырып, энелик мээримин аябай, туугандарынын сый-урматына, кадыр-баркына ээ болгон. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө, ооруп турганына да карабай өзүнүн абдан кайраттуулугун жана чыдамкайлыгын көргөздү. Апам бул дүйнөдөн өтүп кетсе да, биз үчүн эң ыйык, бийик, эң сүйүктүү апабыз боюнча кала берет!"-дейт кызы Каным.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.