Марков, Андрей Андреевич

Wikipedia дан
Марков Андрей Андреевич

Марков Андрей Андреевич (1856-1922)- орус математиги.
1878-ж. Петербург университетин кандидат даражасы менен бүтүргөн, 1880-жылдардан приват-доцент, 1886-жылдардан профессор, 1905-жылдардан Петербург университетинин эмгек сиңирген профессору.
1886-жылдардан Петербург ИАнын адьютанты, 1890-жылдардан экстраординатордук, ал эми 1896-жылдардан ординатордук академик.
Илимий изилдөөлөрүнүн темасы Петербург математикалык мектебинин өкүлдөрү П. Л. Чебышев, Е.И. Золотарев жана А.Н.Коркиндин эмгектерине жакындашат. Илимий иштин сандар теориясы боюнча изилдөөдөн баштаган. Математикалык анализде үзгүлтүксүз бөлчөктөр теориясы, интегралдардын пределдик маанилери, катарлардын жыйналуучулугун жакшыртуу маселелери, эң жакшы жакындаштыруу теориясы боюнча эмгектенген. Ыктымалдык теориясында пределдик теореманы далилдеген, Марков процессин, эң кичине квадраттар методун негиздеген. Анын «Ыктымалдыктарды эсептөө» (1900), «Чектүү айырмаларды эсептөө» (1886) деген китептери математика илиминин өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Марков прогрессивдүү илимпоз болгон, падышалык режимдин акыйкатсыздагына каршы күрөшкөн, математиканы мектепте диний көз карашта окутуу аракетине каршы чыккан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003