Масиров Кошбай

Википедия дан

Масиров Кошбай (1951-ж. т., Каракөл шаары) - Кыргыз Республикасынын ардактуу куруучусу (2002). Фрунзе политехникалык институтун аяктаган (1978).

  • 1969-76-ж. Казакстандагы “Гидроэлектромонтаж” бирикмесинде электромонтаждоочу,
  • 1976-77-ж. “Нарынгидрокурулуш” курулуш башкармалыгында слесарь,
  • 197780-ж. “Нарынгидроэнергокурулуш” ишканасында комсомол комитетинин катчысы,
  • 1980-83-ж. Талас облустук ЛКЖСнда бөлүм башчы,
  • 1983-87-ж. Каракөл шаардык комитетинде бөлүм бөлүм башчы,
  • 1987-88-ж. “Нарынгидроэнергиякурулуш” бирикмесинде партиялык комитеттин катчысы,
  • 1988-90-ж. Каракөл шаардык комитетинин катчысы,
  • 1990-92-ж. Эл депутаттарынын Каракөл шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, шаардык Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары,
  • 1992-96-ж. Каракөл шаардык администрациясынын башчысы.
  • 1996-99-ж. Ташкөмүр шаардык администрациясынын башчысы,
  • 1999-2001-ж. Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2001-2004 ж. “Нарынгидроэнергиякурулуш” Акционердик коомунун генералдык директору.
  • 2005-2007-ж. Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
  • 2007-2010-ж. Жалалабад облусунун-губернатору.

Элдердин достугу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5