Массалатинов, Николай Осипович

Википедия дан
Николай Массалатинов

Массалатинов, Николай Осипович (24.02.1880, Елец, азыркы Липецкий обл.— 22.03.1961, София) — орус жана болгар театр ишмери, актёр, режис­сёр, педагог, БЭР эл артисти. (1948).

1907-ж. Кичи театрдагы мектепти бүтүргөн. 1907—19-ж. МХТтын актёру, мында К. С. Станиславский жана В. И. Немирович-Данченконун жетекчилиги менен чеберчилигин өркүндөткөн [Ска­лозуб (Грибоедов, «Акыл азабы»), Солёный (Чехов, «Үч эже-сицди»)]. 1925-жылдан Болгарияда эмгектенип, анын ишмердиги менен болгар сахнасында реализм калыптанган. Көрүнүктүү ролдору: Тартюф (Мольер, «Тартюф»), Маттиас Клаузен (Гаупт­ман, «Кун батаарда») ж. б. 1925—44-ж. София театрында режиссёрлук кылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.