Масштаб

Википедия дан

Масштаб (немецче mabstab, mab – чен, өлчөм жана stab – таякча) – пландагы, чиймедеги же картадагы сызыктуу өлчөмдөрүнүн, анын чыныгы өлчөмүнө болгон катышы. Сандуу, атама, сызыктуу масштаб болуп бөлүнөт. Сандуу масштаб жөнөкөй бөлчөк түрүндө берилип, алымы бирге, бөлүмү бир нече эсе кичирейтилүүчү санга барабар келет. Мисалы, 1:100 (жүз эсе кичирейтилген). Атама масштаб сөз менен баяндалат. Мисалы, 1 см 100 м (б. а. 1 смде 100 м бар). Сызыктуу масштаб бир нече барабар бөлүктөргө бөлүнгөн түз сызыктан турат. Практикада кеңири колдонулат. Тоалпографиялык картада, жердин планында масштаб туруктуу, географиялык карталарда өзгөрүлмө келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]