Мас болуу

Википедия дан

Мас болуу — ичкилик ичүүдөн улам физиологиялык жана психикалык процесстердин өзгөрүшү. Алкоголду аз өлчөмдө ичүү психологиялык чыңалууну бошоңдотуп, көңүл көтөрөт, адам өзүн эркин сезип, жайдарыланат. Адамдар ушул сезимге жетүү үчүн ичкилик ичишет, бул сезим убактылуу гана болот, ичкилик өлчөмү көбөйгөн сайын адам өзүн башкара албай, кырдаалга баа бере албай калат, анын абалы өзгөрүп, көп учурда жинденип, кыжырланат же маанайы пас тартып, көңүлү чөгөт. Ушундай абалда мас киши антисоциалдык кылыктарды, зомбулук мүнөзүндөгү кылмыштарды (ээн баштык, зордуктоо, киши өлтүрүү, өзүн өзү өлтүрүү жана башкаларды) жасайт. Көп өлчөмдө ичүүдөн катуу уулануу мүмкүн. Ичкиликти такай жана көп ичкендер ага берилип кетет. Ичкилик ичкенден кийин алкоголь карын жана ичегиден канга сиңип, анын кандагы концентрациясы көбөйөт. Алкоголдун 10%и организмден өпкө, бөйрөк жана тери аркылуу чыгып, калганы атайын ферменттер менен кычкылданып кетет. Кычкылдануу жайбаракат жүрөт: бир жолку ичүүдөн алкоголь кандан 5—7 сааттан (көп ичсе 12 сааттан) кийин жоголгону менен организмде 2 жума бою сакталат. Алкоголдун концентрациясы көбүнчө боордо жана булчуңдарда болуп, андан кийин мээге өтүп, ал жерде көпкө сакталат. Алкоголдун аз өлчөмү стимул берүүүчү касиетке ээ. Бирок көп өлчөмү мээнин чоң жарым шарынын кабыгынын жана сүйрү мээнин маанилүү борборлорунун (дем алуу, кан тамырлар) тормоздолушуна алып келет, мындан дем алуу жана кан айлануу бузулат да, алкоголь менен уулануудан адам өлүмгө дуушарланат. Мас болуу ичкиликтин түрүнө, өлчөмүнө, кардынын ач же тогуна, ошондой эле организмдин ошол кездеги абалына жараша болот. Чарчап-чаалыккан, арык, алсыз адамдар ичкиликтин аз эле өлчөмүнө катуу мас болот. Балдар, кары кишилер, ичеги-карыны, боору оорулуу адамдар алкоголду көтөрө алышпайт. Болжол менен канда алкоголдун концентрациясы 2% болсо чала мас, 3% — орточо мас, 4% катуу мас болуу деп эсептелинет, ал эми 5%тен жогору болгондо адам өлүмгө учурайт. Алкоголдон уулануу. Уулануунун биринчи белгилеринде көз жашылданып, бет кызарат, майланышып тердейт, кан тамырлар солгун кагат. Мас кишинин дене бою жайылып, табити ачылып, жылуулукту сезет. Психикалык жана кыймыл активдүүлүгү начарлап, катуу сүйлөйт, соо кезинде байкалбаган таарынчактык, мактанчаактык, кызгануу жана башкалар сапаттар пайда болот. Орточо Мас болууда адамдын интеллекти төмөндөп, кыймылы жайлайт, акырындык менен уйкусу келип, катуу уйкуга кирет. Катуу Мас болууда айланасындагыларды сезбей калат, сүйлөгөн сөзү билинбейт, кусат. Уулануу күчөгөн сайын дем алуу басаңдап, тамыры солгун кагат, кыймылдоого дарманы келбейт, кулагы укпай калат. Дем ала албагандан жана жүрөгү токтогондон өлүмгө учурайт. Кээде патологиялык Мас болуу пайда болот, мындай учурда адам аң-сезимден ажырайт да, өзүнө жана айланасындагыларга коркунуч туудурат. Ууланууда берилүүчү жардам. Алкоголдун канга өтүшүн токтотуу үчүн аны кустуруп, карынды тазалоо керек. Кусуп жаткан масты жаткырып, башын ылдый каратып коюу керек. Маска суу ичирип кустуруу опурталдуу, анткени эгер сууну аз ичсе мастыгы артат, эгер кусса чакап, муунуп калуусу мүмкүн же такыр куспай да коёт. Дүүлүгүүнү басып, жүрөктүн иштешин жакшыртуу үчүн кордиамин, корвалол, валокордин берсе болот. Валериана да жакшы жардам берет. Кан тамырды кеңейтүүчү дарыларды (нитроглицерин, валидол) берүү жарабайт, аларды жүрөгү ооруса, эгер ал мурда врачтын көрсөтмөсү боюнча ичип жүргөн болсо гана берилет. Андан аркы аракеттер мастын абалына жараша жүргүзүлөт: эти ысып, кызарып турса тынчтандырып, уктатуу керек; өңү кубарып, денеси муздаса жылуулап жаап, бутуна жылыткыч коюп, врач чакыруу зарыл.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8