Мати уулу Бекмат

Википедия дан

Мати уулу Бекмат (Бокой) 1901 -жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Атасы Мати ымыркай кезинде эле дүйнөдөн өтүп, апасы Каракөздүн колунда калат.
  • Чоңоюп, бой тартып эрезеге жеткен маалда, басмачылар күчөп, аларга каршы түзүлгөн ыктыярдуу отряддын катарында басмачыларга каршы күрөшөт.
  • Андан кийин “Кызыл-Октябрь” колхозун уюштурууга катышып, мал чарба тармагын жетектеп турган.
  • 1934-жылы Кытайга Япондук интервенттер менен болгон согушка кеткен.
  • Андан кайтып келип үйлөнүп, балалуу-чакалуу болуп чарбада иштеп жүрүп, 1939-жылы Москвага Айыл чарба көргөзмөсүнө чакырылат.
  • Москвада грамота менен сыйланат.
  • 1944-жылы кайрадан армияга чакырылып, атактуу кыргыз генералы Ысакбек Монуевдин отрядында Кытайдагы Элдик көтөрүлүшкө катышып, Түркестан мамлекетинин түптөлүшүнө салымын кошкон.
  • Ал жактан эсен-аман келип колхоздо иштеп жүрүп, атайын барып Фрунзе шаарынан колхозго племенной чоң айгыр жылкы алып келген.
  • Бул жылкыдан урук алынып, “Кызыл-Октябрь” колхозунун жылкы фермасы өнүгүп (кийинки “Дружба” совхозу) даңазалуу жылкылары бар колхоз болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3