Мба (убанги эли)

Википедия дан

МбаКонго Демократиялык Республикасынын түндүгүндө (Арувими дарыясынын ортонку агымы) жашаган эл.
Саны 60 миң адам (2010).

Тил

Мба тили Нигер-конго макробүлөсүнүн адамава-убанги уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптери — кол менен иштетилген жер чарбасы (күрүч, элевсин, буурчак өсүмдүктөр, жашылчалар) жана малчылык (майда мүйүздүү мал). Ошондой эле балык уулоо жана аңчылык менен да алектенишет.

Кол өнөрчүлүк

  • метал эритүү жана иштетүү;
  • карапачылык;
  • жыгач оюм;
  • килемдерди жана себеттерди токуу.

Кол өнөрчүлүк көбүнчө атадан балага өтүп келет.

Тамак-аш

Мба элинин рациону токочтордон, ботколордон, сорполордон, жашылчалардан, мөмө-жемиштерден, балыктардан турат.

Турак жай

Алачыктар бутактардан токулган жана чопо менен капталган, чатыры бийик конус түрүндөгү жана үйдүн жанында жайгашкан чарбалык курулуштар бар.
Көбүнчө тегерек алачыктардын бир тобун тектеш үй-бүлөлөр ээлейт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Андрианов Б. В. Мба // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.
  • Минц Л. М. Мба // Большая энциклопедия народов / Науч. ред. Л. М. Минц. М.: ОЛМА Медиа Групп. 2007.