Мегалит маданияты
Мегалит маданияты – энеолит менен коло дооруна таандык бир катар археологиялык маданияттардын жалпы аталышы. Мегалит курулуштары (дольмендер, менгирлер, кромлехтер ж. б.) ошол кезде тургузулган. Кээ бир илимпоздор бул курулуштарды адегенде Батыш Европанын деңиз жээктеринде жашап, кийин башка аймакка тараган уруулар салган деп божомолдошкон. Бирок азыркы изилдөөлөр бул божомолду төгүнгө чыгарып, Европада мегалит курулуштарын салуу түштүктөгү бирдиктүү борбордон түндүккө тарагандыгын далилдейт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7