Медетбеков Аскар
Медетбеков Аскар (1931-ж. т., Кайырма айылы) - техника илимдеринин кандидаты.
- 1953-ж. Москвадагы инженердик-курулуш институтун бүтүргөн.
- 1953-55-ж. Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунда инженер-конструктор, типтүү долбоорлоо бөлүмүнүн башкы конструктору,
- 1956-57-ж. Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу,
- 1957-60-ж. борбордук курулуш конструкциялары институнун аспиранты.
- 1960-62-ж. ФПИнин материалдардын каршылыгы жана теориялык механика кафедрасынын башчысы,
- 1963-жылдан Түркмөн ССРинин Илимдер академиясынын сейсмикалык туруктуу курулуш институнун директорунун орун басары.
- 1964 жылдан ФПИнин инженердик конструкциялар кафедрасынын доценти,
- 1966-79-ж. курулуш механикасы кафедрасынын башчысы, доценти.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5