Мейкиндик системасы (курулуш механикасында)

Википедия дан

Мейкиндик системасы (курулуш механикасында) — курулманын күч келүүчү (көтөрүп туруучу) конст­рукция системасы; анда системага берилчү оордук күчү Мейкиндик системасынын элементтерине бөлүштүрүлөт; ал бекиткич менен бириктирилген айрым жалпак системалардан турушу мүмкүн.

Конструкциялык өзгөчөлүгүнө жанa күч келүүгө жараша стержендүү, жука капталдуу, оор жанa айкалышкан Мейкиндик системасы болуп бөлүнөт. Мейкиндик системасы бир өлчөмү (узундугу) башка өлчөмдөрүнон бир кыйла чоң болгон элементтерден (стержендерден) пайда болот. Мындай мейкиндик системасы боюнча мунара, электр берүү түркүктөрү ж. б. курулат. Жука капталдуу мейкиндик системасында элементтеринин (плотиналардын) бир өлчөмү калган өлчөмдөрүнөн бир кыйла кичине болот. Буга имараттын тегерек чүмкөгү, призмалык системалар, калдыркан конструкциялар ж. б. кирет. Оор мейкиндик системасы — элементтеринин бардык өлчөмдерү бирдөй конструкциялык сис­темалар. Буга ар кандай курулуштардын фундаменттери, плотиналар, атом реакторунун тулкусу ж. б. ки­рет. Айкалышкан мейкиндик системасы ар кан­дай түрдөгү мейкиндик системасы бириктирилип, мисалы, стержендүү жана жука капталдуу системалар ж. б. кошулуп түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.